Кыргызстанда эртең менен кечинде электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилет

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATЭлектрический счетчик освещенный свечой. Архивное фото
Электрический счетчик освещенный свечой. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Жазылуу
Өчүрүү убактысы эл жумушка бараткан жана келген учурга туш келет.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда эртең менен кечинде электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилет. Бул туурасында энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков парламентте билдирди.
Анын айтымында, эртең мененки саат 6:00дөн 9:00гө чейин, кечкисин 18:00дөн 21:00гө чейин электр энергиясы эң көп өлчөмдө колдонулат. Ошол убакта электр энергиясы чектелип, кубаттуулугу беш киловатт-сааттан ашса өчүрүлөт.
Аталган убакыт эл жумушка бараткан жана келген учурга туш келет.
Депутат Эльвира Сурабалдиева мындай өчүрүүлөр Бишкектин Кызыл-Аскер, Батыш автобекети жакта башталып, тургундар "тамак жасай албай, кир жууй албай жатабыз" деп кайрылып жатканын айтты.
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Өкмөт сырттан электр энергиясын сатып алуу үчүн 50 млн. доллар карыз алып жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0