Иса Ахунбаевдин небереси Сталбек Ахунбаев президенттин кеңешчиси болду

© Фото / пресс-служба МВШМАйтылуу Иса Ахунбаевдин небереси, хирург-онколог Сталбек Ахунбаев
Айтылуу Иса Ахунбаевдин небереси, хирург-онколог Сталбек Ахунбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Жазылуу
Ал 2020-жылы илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлык менен сыйланган.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Айтылуу Иса Ахунбаевдин небереси, хирург-онколог Сталбек Ахунбаев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болду. Буйрукка Садыр Жапаров кол койду.
Ал президенттин медицина жана билим берүү тармагындагы кеңешчиси болот.
"Кыргызстандагы саламаттык сактоо жана билим берүү тармагынын өнүгүшүнө салым кошкум келет", — деди Ахунбаев.
54 жаштагы Ахунбаев медицина илимдеринин доктору, профессор, Бишкектеги Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору.
2020-жылы өлкө президентинин жарлыгы менен илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган.
Депутат Бакыт Жетигенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Бийликти басып алууга шектелген Жетигенов Ошко мэр болуп дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0