Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда футболдук турнир өтөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров менен футбол беттеши. Архив
Президент Садыр Жапаров менен футбол беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Жазылуу
Жазында жеңишке президенттин командасы жетишип, байгеге берилген 1 миллион сомду балдар мектебине берген.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда "Мурас" футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымдады.
Иш-чара "Газпром" спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага 16 команда катышат.
Турнирдин жобосуна ылайык, командалар 4 тайпага 4 командадан бөлүнөт. Тайпалык баскычта бир тур ойноп, андан соң финалдык этапка чыгат.
Беттешке төмөнкү командалар катышат:
президенттин командасы;
маданият өкүлдөрү — "Өнөр";
белгилүү ишкерлер — "Бизнес";
массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – "Журналисттер";
футбол ардагерлери – "Алга";
спорт федерацияларынын жетекчилери — "Спорттук федерациялар";
Жогорку Кеңештин депутаттары — "Жогорку Кеңеш";
президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери — "Аймактар";
дин өкүлдөрү — "Ыйман";
Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – "Элчилер";
ооруканалардын башкы дарыгерлери — "Ден соолук";
окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору — "Билим";
сот бийлигинин өкүлдөрү — "Фемида";
күч түзүмдөрүнүн жетекчилери — "Коопсуздук";
белгилүү спортчулар — "Спорт жылдыздары";
Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери — "Достук".
Турнир сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды таанытуу жана достукту бекемдөө максатында өтөт. Иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана президенттик администрациянын демилгеси менен уюштурулуп, жылына эки жолу өтөт.
Беттештердин графиги жана алардын трансляциясы тууралуу маалымат кийинчерээк жарыяланат.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Садыр Жапаров футбол мелдешинен уткан 1 млн. сомду жетим балдар мектебине берди
Жаңылыктар түрмөгү
0