Улуттук банк доллар сатуудагы чектөөлөрдүн себебин айтты

© AFP / OZAN KOSEАКШ доллар купюралары. Архив
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Жазылуу
Башкы банк тарабынан эч кандай чектөө коюлбагандыгы белгиледи.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Банктардан АКШ долларын сатып алуудагы кыйынчылыктар суроо-талаптын жогорулашына, геосаясий кырдаалга жана анын өлкөгө жеткирилишинин үзгүлтүккө учуроосуна байланыштуу болуп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, башкы банк калкка чет элдик валюта сатууда эч кандай чектөө киргизген эмес.
"Буга чейин доллар негизинен Россия менен Казакстандын банктарынан келип турган. Учурда Кыргызстандын коммерциялык банктары долларды өлкөгө жеткирүү үчүн башка каналдарды издөөгө аргасыз болуп жатат. Мындан улам наркы өсүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Спекуляция жүргүзүп, акча таап калуу аракеттерин алдын алуу үчүн айрым коммерциялык банктар чет өлкө валютасын накталай сатууга ички чектөөлөрдү киргизген.     
Учурда Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаалга тынымсыз мониторинг жана талдоо жүргүзүүдө.
Эскерте кетсек, ноябрдын аяк ченинде доллардын баасы жогорулап, банктарда бир кишиге 200-300 доллар гана сатылууда.
Сом жана доллар купюралары лупа аркылуу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Кыргызстанда 2023-жылы доллардын курсу төмөндөйт. ЕАӨБдүн божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0