Келе жаткан аптада Чүйдө аба ырайы кандай болот?

© Sputnik / Акылбек БатырбековЧүй облусундагы айылдардын бири. Архив
Чүй облусундагы айылдардын бири. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2022
Жазылуу
Айрым жерлерде туман түшүп, тайгак болот.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада Чүй облусу боюнча аба ырайынын божомолун таратты.
4-декабрда тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. 5-6-декабрда көпчүлүк аймактарга кар түшөт.
6-декабрда күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүп, тайгак болот.
7-8-декабрда күндүз айрым жерлерде кар жаап, 9-декабрда дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 10-декабрда күн ачык болот.
Кар учурунда көчөдө бараткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Кыш келди. Декабрда аба ырайы кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0