АКШ акыркы үлгүдөгү стратегиялык бомбалагычты көрсөттү. Сүрөт

© AFP / FREDERIC J. BROWNАКШнын акыркы үлгүдөгү B-21 Raider жашыруун стратегиялык учагы
АКШнын акыркы үлгүдөгү B-21 Raider жашыруун стратегиялык учагы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2022
Жазылуу
Northrop Grumman компаниясынын айтымында, B-21 Raider дүйнөнүн каалаган жерине жете алат.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Жума күнү кечинде АКШдагы коргонуу жаатында иш алып барган эң ири подрядчыларынын бири Northrop Grumman компаниясы акыркы үлгүдөгү B-21 Raider жашыруун стратегиялык бомбардирин көрсөттү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Салтанат Палмдейлдеги (Калифорния) заводдо АКШнын коргоо министри Ллойд Остиндин катышуусунда өттү. Өндүрүүчүнүн бомбалагычты дүйнөдөгү жалгыз алтынчы муундагы учак катары сыпаттап келишет.
https://t.me/rian_ru/187522
"Бомбалоочу учактар флоту — өлкөнүн аба күчтөрүнүн негизи. АКШ армиясы аба күчтөрү өзгөрүп жаткан азыркыдай учурда дүйнөнүн каалаган жеринде коркунучтарды жок кылат", — деди техниканы жасап чыккан тараптын өкүлү Кэти Уорден.
B-21 Raider, Northrop Grumman компаниясынын айтымында, дүйнөнүн каалаган жерине жете алат. Өзөктүк жана өзөктүк эмес куралдарды ташыйт жана эң алдыңкы абадан коргонуу системаларынан артыкчылык кылат. Ошол эле учурда, келечекте мындай моделдин учкучсуз модификациялары да дүйнөгө сунушталат деп күтүлүүдө.
АКШ армиясы бул учактардын кеминде жүзгө жакынын алуу пландары жөнүндө айтып жатат. Пентагон 2023-жылдан 2027-жылга чейин B-21 программасы үчүн 19 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн.
Брюсселде АКШ жана Европа Кеңешинин желектеринин жанында дипломат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
ЕБ украиналык каатчылыктан ким пайда көрүп жатканын түшүндү. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0