Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чатак чыкты

© Sputnik / Эмиль СадыровЧек арадагы көзөмөл пункту. Архив
Чек арадагы көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2022
Жазылуу
Учурда Баткен жана Исфара тилкелеринде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн деңгээлинде жолугушуу өтүп жатат.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн, 3-декабрда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чатак чыкты. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

"Сомониен (Тажикстан) айылы аркылуу Дахма айылына Кыргызстандын жараны өтүп бара жаткан учурда Тажикстан жарандары ага орой сөздөрдү айткан. Жыйынтыгында алар уруша кетип, бири-бирине таш ыргытышкан", — деп айтылат маалыматта.

Чыр-чатак курчуп кетпеши жана топтолгон эл тарашы үчүн Кыргызстандын жараны аңчылык куралынан асманга үч жолу эскертүү иретинде ок чыгарганы айтылды.
Окуянын себептерин тактоо үчүн учурда Баткен жана Исфара тилкелеринде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн деңгээлинде жолугушуу өтүп жатат.
Баткендеги Кызыл-Бел-автодорожный постунун жанында аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2022
Садыр Жапаров: Тажикстан менен чек араны чечүүгө олуттуу кириштик
Жаңылыктар түрмөгү
0