Песков: Россия нефти боюнча аныкталып коюлган бааны кабыл албайт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМунай казуу. Архив
Мунай казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2022
Жазылуу
Бийлик мурдараак эгерде шарттар туура келбесе, мунай затын сыртка чыгарбай коё тургандыктарын айткан.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Россия нефти боюнча аныкталып коюлган бааны кабылдабайт, тез арада жасалган анализден кийин ишти мындан ары кандай уюштуруу боюнча чечим кабыл алынат. Бул тууралуу Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Кечээ Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн туруктуу өкүлдөрү Россиянын мунай затына аныкталган бааны коюшкан, тагыраагы, ал баррелине 60 доллардын деңгээлинде болот дешкен. Чет элдик ЖМКлардын жазганына караганда, Евробиримдик муну кат жүзүндө тариздеп, андан соң 4-декабрда ал туурасында формалдуу түрдө жарыялап коюуга ниеттенүүдө.

"Биз муну кабыл албайбыз. Иш кандай болуп уюштурулат, кантип жүргүзүлөт?.. Тез арада жасалган анализден кийин, албетте, билдиребиз", — деген Песков.

Анын айтымына караганда, чектөөнү киргизүү боюнча "атайын бир даярдыктар жасалган".
Президент Владимир Путин эгерде Россиянын кызыкчылыгына каршы келсе, Москва чет өлкөгө эч нерсе сатпай тургандыгын айткан. "Газпром" ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер Евробиримдик тарабынан бааны бир жактуу чектеп салуу келишимдин шартын бузарын жана аталган продукцияны сатуу токтой турганын эскерткен.
Вице-премьер Александр Новак да аныкталган бааны койгон өлкөлөргө Москва "баррелин 60 долларга да, башка баага да" экспорттобой турганын билдирди. Россия "рынок шартында кызматташууга даяр" тараптар менен иштешүүгө даяр экендигин кошумчалады.
Мунай терминалы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2022
G7 россиялык мунай баасынын чегин чечти. АКШдагы элчиликтин реакциясы
Жаңылыктар түрмөгү
0