6-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Эркиндик бульварында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив
Бишкектеги Эркиндик бульварында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2022
Жазылуу
6-декабрга караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдор тоңуп тайгалак болот.
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо кар жааса, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерге туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет биллдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Синоптиктер абанын температурасы Чүйдө 0...-5, Талас жана Нарын аймактарында -1...-6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -2...+3, Ысык-Көлдө -4...+1 градус болорун билдиришти.
Борбор калаада термометр -2...-4, ал эми Ош шаарында 0...+2 градусту көрсөтөт.
Туман баскан аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2022
Коюу тумандан улам "Ош" аэропортундагы каттамдардын графиги өзгөрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0