Бишкекский инвестиционный саммит - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2022
Бишкектеги инвестициялык саммит
Бишкекте 8-9-декабрь күндөрү инвестициялык саммит өттү. Ага Россиянын Кыргызстан менен кызматташып келген региондорунун өкүлдөрү катышты. Иш-чарада келечектүү инвестициялык долбоорлор сунушталып, талкууга алынды.

Бишкекте жана Чүй облусунда 8-10-декабрда жолдор убактылуу жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2022
Жазылуу
Борбор калаада 8-декабрь күнү инвестициялык форум, 9-декабрда Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт. Ага байланыштуу чет элдик делегацияларды тосуп алуу учурунда айрым көчөлөр убактылуу жабылмакчы.
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. 8-10-декабрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жолдор убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматы билдирди.
Борбор калаада 8-декабрь күнү инвестициялык форум, 9-декабрда Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.
Бул даталарда убактылуу чектөө киргизиле турган көчөлөрдүн тизмеси:
"Манас" аэропортунан баштап, Фучик көчөсү менен Чүй проспектине чейин;
Чүй проспектинин Фучик көчөсүнөн тартып Манас проспектине чейинки бөлүгү;
Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилеринин Чүй проспектинен тартып мамлекеттик резиденцияга чейинки бөлүгү;
Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин.
ЖКККББ айдоочуларды жана шаар тургундарын жогорудагы убактылуу чектөөлөрдү унутпай маршруттук каттамдарды алдын ала пландап, утурумдук ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.
Россия президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2022
Путин Бишкекке ЕАЭБдин саммитине келет
Жаңылыктар түрмөгү
0