Россия нефтисинин баасын чектөө боюнча макулдашуу күчүнө кирди

© Sputnik / Максим БогодвидМунай казуучу станция. Архив
Мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2022
Жазылуу
Евробиримдик өлкөлөрү, анын артынан G7 мамлекеттери менен Австралия Россиядан өндүрүлгөн нефтинин бир баррелинин баасын 60 доллардын чегинде бекиткен.
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Евробиримдиктин Россиядан танкер менен ташылуучу нефтиге коюлган эмбаргосу менен мунайдын баасын чектөө боюнча макулдашуусу күчүнө кирди.
Эскерте кетсек, Россия Европага нефтинин негизги жеткирүүчүсү болуп, континенттин аталган сырьего болгон муктаждыгынын 20 пайызын жапчу. Бирок Украинадагы атайын операцияга жооп иретинде Батыш мамлекеттери рестрикцияларды иштеп чыккан, анын ичинде Москванын нефть экспортунан көрчү пайдасын чектөө да бар.
Евробиримдик жай айларында санкциялардын алтынчы пакетин кабыл алган, анын алкагында Россиядан кара алтындын деңиз менен ташылуусуна эмбаргону этап-этабы менен киргизүү каралган. Чечим боюнча чектөө 5-декабрда толугу менен ишке ашмак. Ал эми нефть продукциясы үчүн өткөөл мезгил узагыраак болуп, толугу менен 5-февралда күчүнө кирет.
Алгач Евробиримдик өлкөлөрү, анын артынан G7 мамлекеттери менен Австралия Россиядан өндүрүлгөн нефтинин бир баррелинин баасын 60 доллардын чегинде бекиткен. Бирок аталган чек өйдө-ылдый болушу мүмкүн экени айтылган. Мындай процедура январдын ортосуна белгиленди, бирок бул үчүн ЕБдин бардык мүчөлөрүнүн макулдугу керек.
Президент Владимир Путин Батыштын аракетине комментарий берип жатып, Россия өз кызыкчылыгына каршы келе турган болсо чет жакка эч нерсе жөнөтпөй турганын эскерткен.

Тараптардын реакциясы

Кечээ ОПЕК+ альянсы жыйын куруп, нефть казуудагы азыркы квотаны сактап калуу чечимине келди.
Уюм азыр Москвага карата киргизилген жаңы рестрикциялар тууралуу үн ката элек. Бирок октябрдын башында Сауд Арабиянын энергетика министри канзаада Абдель Азиз бен Сальман эмбарго менен баанын чеги боюнча кырдаал кандайча өнүгөрү жана буга рыноктун реакциясы кандай болору белгисиз экенин айткан.
Ал эми Россиянын вице-премьери Александр Новак нефтиге бааны чектөөгө тыюу механизмдери иштелип чыгып жатканын кабарлаган. Ал муктаждык жаралса Москва нефть казуунун көлөмүн кыскарта аларын белгиледи. Министр Батыш мындай чектөөлөрү менен рынокко кийлигишип жатканына токтолуп, Москва рынок шартынан оолактабай иштеше турган керектөөчүлөр менен гана кызматташарын айткан.
Украинада атайын операция башталган соң Батыш Москвага карата санкциялык кысымын күчөткөн. Бул Европа менен АКШнын өзүндө электр энергиясынын, отундун, азык-түлүктүн кымбатташын шарттаган. РФ президенти Владимир Путин Россияны ооздуктоо жана алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, рестрикциялар дүйнөлүк экономикага сокку урганын белгилеп келет. Анын айтымында, АКШнын негизги максаты — миллиондогон кишини жакырлантуу.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Макрон Украинадагы жаңжалды токтотуунун жападан жалгыз ыкмасын атады
Жаңылыктар түрмөгү
0