Чөнтөк телефон жай иштеп баштаса эмне кылуу керек. Адистен кеңеш

© Фото / Pexels / cottonbroСмартфону менен адам. Иллюстративдик сүрөт
Смартфону менен адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2022
Жазылуу
Адис смартфонду оор "жүк" менен алып жүрбөөгө чакырды. Эс тутуму толуп калбаш үчүн керексиз тиркеме, видео, сүрөттөрдү тазалап турууну сунуштады.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Колдонулуп жаткан чөнтөк телефон убакыт өткөн сайын жай иштеп баштайт. Бул пайдалануунун эрежелерин кылдат сактоого жараша болорун "Прайм" басылмасына Telecom Daily агенттигинин башкы директору Денис Кусков айтып берген.
Кусковдун айтымында, эгерде телефондун эс тутумун толтуруп алып жүрсөңүз, анда тиркемелердин иштеши кыйындайт. Андыктан телефонду бат-бат текшерип, керексиз программа, видео, сүрөт, дагы башка файлдарды өчүрүп туруу пайдалуу.
Башкы экранга чыгып турган виджетке да көңүл буруу зарыл. Бул кичинекей тиркеме сиздин смартфондун жардамчысы, башкы экранга чыгып калган түрдүү белгилер гаджеттеги кайсы бир абал тууралуу сизге маалымдайт.
"Виджет эс тутумдун көп көлөмүн ээлейт, ошондуктан сиз аны пайдаланбасаңыз өчүрүп эле салганыңыз оң. Мындан тышкары, телефонуңуздагы бардык тиркемелерди карап чыгыңыз, кааласаңыз тизмесин түзүңүз. Андан соң жалаң иштеткен эле тиркемелерди калтырып, калганын өчүрүп салуу менен көтөрүп жүргөн телефондун "зыпылдап" иштөөсүн жөндөйсүз", — дейт эксперт.
Мындан тышкары, ал тиркемелерди автоматтык түрдө жаңылап турган функцияны да өчүрүүнү сунуштаган. Айтымында, смартфондогу бир нече тиркеме улам-улам жаңыланып турса анын иштөө ыкчамдыгы азаят.
"Телефондогу тиркемелерди эртең менен же түнү уктаар алдында, аны аз колдонгон учурда жаңылоо туура", — деп кошумчалады адис.
Заряддагыч менен смартфон. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2022
Телефондун кубаттагычы дайыма токко сайылып турса эмне болот? Эксперттин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0