Ноябрда Россиядан 16 кыргызстандыктын сөөгү келди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖүк-200дү учакка жүктөө. Архив
Жүк-200дү учакка жүктөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2022
Жазылуу
Элчиликтин кызматкерлери Воронеж, Тверь, Оренбург, Рязань, Липецк облустарындагы абактарда жаткан 85 кыргызстандык менен жолугушкан.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында 16 кыргызстандыктын сөөгү Россиядан мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдады.
Мекеменин соңку бир айга карата жарыялаган отчетунда элчиликтин кызматкерлери кыргызстандыктар аралашкан 55 териштирүү ишине катышып, мыйзам бузууга шектүү деп кармалган 26 мекендешти бошотууга жардам берген. Кыргызстандын үч жаранын Россия аймагынан чыгаруу боюнча соттук чечимдер жокко чыгарылып, турмуштук оор абалда калган жети жаранга документ тапшырылып, мекенине кайтарылган.
Элчиликтин кызматкерлери Воронеж, Тверь, Оренбург, Рязань, Липецк облустарындагы абактарда жаткан 85 кыргызстандык менен жолугушуп, баарлашкан.
Ээлчилик 2021-жылдын 29-декабрына чейин Россияга келген кыргызстандыктар кийинки жылдын 10-январына чейин бир катар процедуралардан өтүшү керектигин эскерткен. Бул процедура быйыл жайында Россиянын миграция мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу экендиги айтылган.
Жүк-200 жеткирүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Россиянын айрым шаарларынан Кыргызстанга "Жүк-200" акысыз жеткирилет. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0