Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Осмонов: ангина 3-5 күндүн ичинде эле жүрөк оорусуна алып келиши ыктымал

© Sputnik / Жоомарт УраимовСаламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов. Архив
Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов ангинадан улам жүрөк кемтиги пайда болушу ыктымалдыгын айтты.
Ангинаны дарылатпай жүрө берсе 3-5 күндүн ичинде жүрөккө, бөйрөккө же муундарга зыян алып келиши мүмкүн. Андыктан тамак оорунун бул түрү пайда болору менен дарыгерлерге кайрылуу зарыл экенин Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Осмонов: ангина 3-5 күндүн ичинде эле жүрөк оорусуна алып келиши ыктымал
Анын айтымында, ангинанын дене табын көтөргөн түрү кооптуу болуп эсептелет.
"Жүрөк кемтигине алып келүүчү себептердин бири — ангина жана сасык тумоо илдеттери. Мисалы, ангинаны ала турган болсок, бейтап дарыланбай жүрө берсе 3-5 күндүн ичинде эле жүрөккө терс таасирин тийгизет. Грипп деле ошондой. Бирок дарылайм деп өзү билемдик менен дарыларды иче берген да болбойт. Алгач дарыгерге көрүнүп, туура дарыларды жаздырып алуу маанилүү. Ангинанын да түрү көп, бактериялык түрүндө тамактын агарып калганын көрөбүз, кээ бирөөлөрдүкү муздак жеп койсо, айрымдарда жаңгак же башка кургак нерселердеги чаңдан улам ооруп калат. Өзгөчө жүрөк үчүн дароо дене табын көтөрүп жиберген ангинанын түрү кооптуу. Андыктан балдарды тишти күнүнө эки маал жууп гигиенаны сактоого жана ангина, грипп болгон учурда дароо дарыгерлерге кайрылууга үйрөтүшүбүз керек", — деди Осмонов.
Кардиолог таза жуулган тиш түрдүү бактериялардын пайда болушун алдын алып, ангинадан сактай тургандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0