Бишкекский инвестиционный саммит - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2022
Бишкектеги инвестициялык саммит
Бишкекте 8-9-декабрь күндөрү инвестициялык саммит өттү. Ага Россиянын Кыргызстан менен кызматташып келген региондорунун өкүлдөрү катышты. Иш-чарада келечектүү инвестициялык долбоорлор сунушталып, талкууга алынды.

Бишкекте 12 өлкөнүн ири бизнесмендери жана аткаминерлери жолукту. Видео

Жазылуу
Эртең саммитте ишкерлер өзүлөрүнүн долбоорлорун сунуштап, пайдалуу келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Бүгүн Бишкекте дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн келген ири бизнесмендер менен аткаминерлер жолукту. Алар калаада өтө турган инвестициялык саммитке катышуу үчүн Кыргызстандын борборуна чогулушкан. Масштабдуу иш-чаранын биринчи күнүнүн эң негизги учурларын биздин видеодон көрүңүз.
Саммитте экономикадан тышкары илим, технология, транспорт, медиа, билим жана маданият тууралуу талкуулар болду. Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Саммиттин биринчи күнүнүн алкагында ЕАЭБдеги илимий-техникалык кызматташтык боюнча илимий-практикалык конференция, актуалдуу маселелер боюнча талкуулар, ЕАЭБ ишкерлер кеңешинин президиумунун жана Өнөр жайчылар менен ишкерлердин эл аралык конгрессинин отурумдары, губернатор жана шаар мэрлеринин катышуусунда тегерек стол, Евразия элдеринин ассамблеясынын форуму жана медиафорум өттү.
Эртең, 9-декабрда, ишкерлер өзүлөрүнүн долбоорлорун сунуштап, пайдалуу келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Иш-чарага түрдүү банктардын жана инвестициялык фонддордун өкүлдөрү катышмакчы. Буга чейин Кыргызстандын атынан 150дөй долбоор сунушталары айтылган.
Тема боюнча:
Министр Кожошев: бизнесмен досума жардам сунуштап күтүүсүз жооп алдым
Россиялык бизнестин Борбор Азия экономикасына кошкон салымы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0