Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Меркель Минск макулдашуусу Киевге убакыт берүү үчүн түзүлгөнүн айтты. РФтин жообу

© AP Photo / Michael SohnГерманиянын экс-канцлери Ангела Меркель. Архив
Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2022
Жазылуу
Экс-канцлер Киев ДЭР менен ЛЭРге каршы аскерди операция баштаган 2014-жылы НАТО өлкөлөрү Украинага азыркыдай колдоо көрсөтө алмактыгынан күмөн санады.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Минск макулдашуусу Киевдин күчтөнүүсүнө убакыт берүү үчүн түзүлгөн. Бул тууралуу Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель Zeit гезитине маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украина ал убакытты пайдалана алды. 2014-2015-жылдардагы Украина азыркы Украина эмес", — деди саясатчы.
Меркелдин айтымында, Украинадагы кырдаал чыңалган бойдон калып, маселе аягына чыкпаганын баары эле жакшы түшүнгөн. Экс-канцлер Киев ДЭР менен ЛЭРге каршы аскердик операция баштаган 2014-жылы НАТО өлкөлөрү Украинага азыркыдай колдоо көрсөтө алмактыгынан күмөн санады.
Ал арада Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Меркелдин сөзүнө комментарий берип Берлин башында турган жамааттык Батыш Минск макулдашуусун өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын белгиледи.
"Минск макулдашуусун эч ким аткармак эмес экен. Жамааттык Батыш Коопсуздук кеңешинин резолюциясын сактамыш болуп, иш жүзүндө Киев режимин курал-жарак менен камсыздап келген. Донбасста, Украинада жасалып жаткан кылмыштын баарын көз жаздымда калтырып, күчүн Россияга сокку уруу үчүн чогулткан", — деп жазды Захарова Telegram каналына.
Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу боюнча Минск макулдашуусуна 2015-жылы кол коюлган. Анда ок атууну токтотуп, тиреш жүргөн жерден оор техниканы чыгарып кетүү жана Донецк менен Луганск облустарына өзгөчө макам ыйгаруу сыяктуу элементтер камтылган конституциялык реформа каралган болчу. Бирок Киев макулдашуунун бир да шартын аткарган эмес.
Россия үстүбүздөгү жылдын 24-февралында Украинада атайын аскердик операциясын баштаган. Ал эми АКШ НАТО боюнча союздаштары менен Киевге ондогон миллиард доллар жөнөтүп, курал-жарак менен камсыздап келет.
Сентябрдын соңунда ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарында референдум өтүп, көпчүлүк Россиянын курамына кирүүгө добуш берген. РФ президенти Владимир Путин жана аталган аймактардын башчылары тиешелүү келишимге кол коюшкан.
Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель россиялык президент Владимир Путин менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2022
Меркель Путин менен эпке келүүгө жетише албай калганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0