Эч жерде иштебеген адам пенсияга чыга алабы? Соцфонд башчысынын жообу

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүПенсия алып жаткан учурда улгайган аял. Архив
Пенсия алып жаткан учурда улгайган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2022
Жазылуу
Депутат өмүр бою мал багып, дыйканчылык менен алектенгендерди мисал келтирди.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүн төкпөгөн жаран пенсияга чыга албайт. Бул туурасында Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев парламентте билдирди.
Депутат Улан Бакасов эч жерде иштебеген адам пенсияга чыга алабы же жокпу, болсо канча сом аларын сурады. Ал Нарында өмүр бою мал багып, дыйканчылык менен алектенгендерди мисал келтирди.
"Социалдык фондго төлөм жүргүзгөндөр гана пенсияга чыга алат. Болбосо Социалдык камсыздоо министрлигинен 2000 сомдон пособие алат. Мамлекет аны пенсиянын ордуна жөлөк пул катары төлөп берет", — деди Алиев.
Ошондой эле ал өлкөдө жылына 50 миңден адам пенсияга чыгып жатканын кошумчалады.
Председатель Наблюдательного совета Коллективного пенсионного фонда Кыргызстан Акылбек Арстанбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Радио
Арстанбеков: учурда иштеп жаткандар пенсионерлерди камсыздоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0