Авиация агенттиги: өлкөнү "кара тизмеден" чыгаруу үчүн чет элдик адистер иштөөдө

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2022
Жазылуу
Кыргызстан Евробиримдиктин "кара тизмесинде" 16 жылдан бери жүрөт. Андан чыгуу жаңы аба каттамдар менен чектелбестен, камсыздандыруу төлөмдөрүн азайтуу менен учактардын ижарасын арзандатат.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Британиялык адистер Кыргызстандын учуу коопсуздугу боюнча мамлекеттик программасын жаңыртып, Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгуу боюнча жол картасын түзүүгө жардам берет. Бул тууралуу Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (ЖАМА) билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуу Британиянын авиация агенттигинин (UK CAAi) адистери Кыргызстанга келишкен. Алар Кыргызстандын учуу коопсуздугу боюнча мамлекеттик программасын карап чыгып, аны ICAO стандарттарына шайкеш келтирүүгө жардам бериши күтүлүүдө.
Долбоор бир нече этап менен ишке ашырылат. Алгач адистер өлкөнүн мыйзамдарын талдап, кийинки этапка өтүү үчүн керектүү документтерди, отчеттерду даярдашат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган атайын топ түзүлөт.
ЖАМА бул иш Кыргызстандын "кара тизмеден" чыгуусу үчүн жол картасын түзүүгө багытталганын белгилеген.
Өлкө "кара тизмеде" 16 жылдан бери жүрөт. Бул өлкөнүн учактарына Евробиримдиктин аба мейкиндигине кирүүгө тыюу салынат дегенди түшүндүрөт. "Кара тизмеден" чыгуу жаңы аба каттамдарын ачуу менен чектелбестен, камсыздандыруу төлөмдөрүн азайтуу менен учактардын ижара акысын арзандатат.
Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2019
Кыргыз учактары Европа асманында качан эркин учат? Авиация агенттигинин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0