Садыр Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчыларын кантип тосуп алды? Видео

© Sputnik / Павел БедняковКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2022
Жазылуу
Мамлекет жетекчиси төрт президентти тосуп алып, жыйындар залына коштоп барды.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын "Конгресс-холлунан" ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчыларын тосуп алды.
Саммит залына биринчилерден болуп Армениянын жетекчиси Никол Пашинян келди.
Андан соң Беларусь президенти Александр Лукашенко келип, Жапаров менен бир аз тамашалашты. "Кечигип калдымбы?" деп сураса, кыргыз президенти убагында келгенин айтты. Анан Лукашенко "Мерседес" жакшы от албайт экен, жөө келдим" деп күлдү.
Үчүнчү болуп коңшу Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев залга кирди.
Аягында Россия лидери Владимир Путин келди. Ал Жапаров менен кучакташып жылуу учурашты.
Андан соң лидерлер чогуу сүрөткө түшүп, тар курамда өтүүчү жыйынга кирип кетишти.
Жыйындын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2022
Бишкекте өтчү ЕАЭБ саммитинин программасы
Жаңылыктар түрмөгү
0