Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Биймырза уулу: "Манас" театры эл аралык ассоциациянын төрагалыгын алды

© Sputnik / Асель Акмат"Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу
Манас театрынын директору Азиз Биймырза уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Жазылуу
"Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу театр 83 штат менен түзүлүп, дастанчы, төкмө акын жана манасчылар ишке алынганын белгиледи.
"Манас" театры Сахадагы "Бүткүл дүйнөлүк эпос айтуучулар" ассоциациясынын төрагалыгын алды. Бул тууралуу Азиз Биймырза уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Биймырза уулу: "Манас" театры эл аралык ассоциациянын төрагалыгын алды
Анын айтымында, театрдын эл аралык байланыштары дагы бекемделүүдө.
"Түзүлгөндөн тартып театрдын кагаз иштери менен алыштык. Анткени алгач Кыргыз мамлекеттик "Манас" театры болуп түзүлгөн. Кийин президенттин жарлыгы менен улуттук статус ыйгарылды. Андан кийин дагы 50 штат кошулуп, театрга дастанчы, төкмө акындар кошулуп жалпы 83 штат менен кайра уюшулду. Ошентип отуруп театр жалпысынан үч жолу түзүлдү. Эң башкысы ТҮРКСОЙ, Түрк кеңеши, Түрк академиясы, Бакудагы Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий фонду сыяктуу эл аралык уюмдар менен келишим түзүп, алар театрды расмий тааныды. Мындан тышкары, Сахадагы "Бүткүл дүйнөлүк эпос айтуучулар" ассоциациясынын төрагалыгын алдык. Анын вице-президенти Александр Жирков "Манас" театрына келип, Бексултан Жакиевдин ысымын өчүрбөй иш алып барууну айтты. Иштер жүрүүдө. Бир катар эл аралык, дүйнөлүк фестивалдарга катышууга жетиштик. Казакстандагы Кадыр Мырзалиев атындагы маданият борбору менен келишим түзүлдү. Алар Кыргызстандын төрт облусун кыдырып концерт койду. Мындан тышкары, быйыл республиканын аймактарында 14 айтыш өттү. Буга катар Түркияда бир жума манас айтылып, Рысбай Исаков Гиннесс китебине кирди. Мунун баары "Манас" театрынын жамааты жасаган иштер. Ошондой эле "Манас-1000" өткөндөн кийинки 30 жылда бул багытта жасалган иштер боюнча БУУда отчёт берсек деп максат коюп жатабыз", — деди Биймырза уулу.
Ошондой эле ал "Манас" чокусунда манас айтылып, театрдын артисттери Европа өлкөлөрүн кыдырып, өнөрүн тартуулап келгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0