Казакстандан майды мыйзамсыз ташып. Токмокто башкы салык инспектору кармалды

© AP Photo / Moises CastilloКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Жазылуу
Учурда УКМК тарабынан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды алып келүү жана сатуу боюнча мыйзамсыз канал уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Күйүүчү-майлоочу майлар узак убакыт бою Казакстандан мыйзамсыз ташып келинип, продукциялар жасалма документтер менен салык органынын кызмат адамынын катышуусу менен легалдаштырылып, андан ары негизинен республиканын түштүк аймактарына сатылып турган.
"Ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз каналдын уюштуруучулары Ш.М. жана Д.О., ошондой эле мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын башкы инспектору М.Т. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда бул кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Тажикстандан Баткенге мыйзамсыз алып келинген 2,75 млн. доллар мамлекетке өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2022
Тажикстандан Баткенге мыйзамсыз алып келинген 2,75 млн. доллар мамлекетке өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0