Психолог балдар качан Аяз атага ишенбей каларын айтты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАяз ата бала бакчадагы балдарды куттуктап жатат. Архив
Аяз ата бала бакчадагы балдарды куттуктап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Жазылуу
Адис кандай болгон күндө дагы Аяз ата адамдарга психологиялык жактан жакшы таасир этерин айтат. Анткени ал балалыкты, жагымдуу белектерди эске салып, кайсы гана куракта болбосун кишиге жакшы маанай тартуулайт.
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Адатта балдар үч жаштан жети жашка чейин Аяз атага ишенишет жана бул ишеним мектепке барарда бала бакча менен кошо артта калат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине берген маегинде педагогикалык психолог Любовь Григорович айтты.
"Аяз ата балдарды тарбиялоодо жакшы жардамчы боло алат. Эң негизгиси, Аяз ата бар же жок деген ишенимди эч качан балага таңуулабаш керек. Убагы келгенде ал чындыгында жок экенин бала өзү билип алат. Ал эми ата-энесинен тактоо иретинде гана сурап коюшу мүмкүн. Баланын мектеп курагына чейин эле ага ишенбей калышы психологиялык жактан алганда кадыресе көрүнүш", — деди Григорович.
Адис кандай болгон күндө дагы Аяз ата адамдарга психологиялык жактан жакшы таасир этерин айтат. Анткени ал балалыкты, жагымдуу белектерди эске салып, кайсы гана куракта болбосун кишиге позитив тартуулайт.
Аял кош бойлуу болгондугун күйөөсүнө айтып жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2022
Баласы туулганда эркектин мээси чоң өзгөрүүгө дуушар болот. Жаңы изилдөө
Жаңылыктар түрмөгү
0