Улуттук банк жүгүртүүгө коллекциялык эки күмүш тыйын чыгарды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба НБ КР"Азия оюндары" күмүш коллекциялык монетасы
Азия оюндары күмүш коллекциялык монетасы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Жазылуу
Коллекциялык тыйындар 2000 санда чыкты. Бирөөнүн баасы 3 690 сом, экинчисиники 3 740 сом турат.
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Улуттук банк бүгүндөн, 12-декабрдан тарта жүгүртүүгө жалпы саны 2000ге жеткен коллекциялык эки күмүш монета чыгарды. Бул тууралуу анын маалымат кызматынан кабарлады.
Алар 10 сомдук номиналда.
Биринчиси Кызыл китепке киргизилген, республиканын флорасынын сейрек кездешүүчү түрлөрүн сактап калуу жана даңазалоо максатында "Кыргызстандын Кызыл китеби" сериясындагы "Кашкар бөрү карагаты" коллекциялык тыйыны.
© Фото / пресс-служба НБ КР

Тыйындын алдыңкы бетинин негизги сюжетин бадалдын мөмөсүнөн жана жалбырагынан тегерете кооздолгон оймонун ичинде бөрү карагаттын бутагы мөмөсү менен түшүрүлгөн сүрөт түзөт

Тыйындын алдыңкы бетинин негизги сюжетин бадалдын мөмөсүнөн жана жалбырагынан тегерете кооздолгон оймонун ичинде бөрү карагаттын бутагы мөмөсү менен түшүрүлгөн сүрөт түзөт - Sputnik Кыргызстан
1/2

Тыйындын алдыңкы бетинин негизги сюжетин бадалдын мөмөсүнөн жана жалбырагынан тегерете кооздолгон оймонун ичинде бөрү карагаттын бутагы мөмөсү менен түшүрүлгөн сүрөт түзөт

© Фото / пресс-служба НБ КР

Монетанын арткы бетинин негизги сюжетин Кашкар бөрү карагатынын бутагы менен мөмөсүнүн элеси түшүрүлгөн сүрөт түзөт

Монетанын арткы бетинин негизги сюжетин Кашкар бөрү карагатынын бутагы менен мөмөсүнүн элеси түшүрүлгөн сүрөт түзөт - Sputnik Кыргызстан
2/2

Монетанын арткы бетинин негизги сюжетин Кашкар бөрү карагатынын бутагы менен мөмөсүнүн элеси түшүрүлгөн сүрөт түзөт

1/2

Тыйындын алдыңкы бетинин негизги сюжетин бадалдын мөмөсүнөн жана жалбырагынан тегерете кооздолгон оймонун ичинде бөрү карагаттын бутагы мөмөсү менен түшүрүлгөн сүрөт түзөт

2/2

Монетанын арткы бетинин негизги сюжетин Кашкар бөрү карагатынын бутагы менен мөмөсүнүн элеси түшүрүлгөн сүрөт түзөт

Тыйындын алдыңкы бетинин негизги сюжетин бадалдын мөмөсүнөн жана жалбырагынан тегерете кооздолгон оймонун ичинде бөрү карагаттын бутагы мөмөсү менен түшүрүлгөн сүрөт түзөт. Четине тегерете: "Кашкар бөрү карагаты / Berberis kaschgarica" деп жазылган. Салмагы – 28,28 гр., эн белгиси – Ag 925, баасы – 3 690 сом.
Монетанын арткы бетинин негизги сюжетин Кашкар бөрү карагатынын бутагы менен мөмөсүнүн элеси түшүрүлгөн сүрөт түзөт. Ортосуна Кыргызстандын герби тартылган. Четине тегерете: "Кыргызстандын Кызыл китеби" деген жазуу жайгаштырылып, төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы (2022) көрсөтүлгөн.
Андан сырткары спорт жаатындагы маанилүү окуяларды жана жетишкендиктерди белгилөө үчүн, жаштарды олимпиадага катышууга үндөө, дене тарбия менен спортту даңазалоо максатында "Спорт" сериясындагы "Азия оюндары" күмүш коллекциялык монетасы пайда болду.
© Фото / пресс-служба НБ КРВведение в оборот 2 видов серебряных монет Нацбанком КР
Введение в оборот 2 видов серебряных монет Нацбанком КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
"Азия оюндары" монетасынын алдыңкы бетинде Ханчжоу шаарындагы XIX Азия оюндарынын расмий эмблемасы түшүрүлгөн, анда кытай инь-янь символунун алкагында спорттун ар бир түрү боюнча Азия оюндарына катышуучу спортчулардын фигурасы пиктограмма түрүндө берилген. Четине тегерете: "Азия оюндары – 2022 / 2022 Asian Games" деп жазылган. Салмагы – 31,10 гр., эн белгиси – Ag 925, баасы – 3 740 сом.
Арткы бетинде спортчулардын элеси, ал эми борборунда Кыргызстандын герби түшүрүлгөн. Четине тегерете: "Национальный банк Кыргызской Республики / Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" жазуусу жайгаштырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы (2022) көрсөтүлгөн.
Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.
Улуттук валютанын коллекциялык тыйындары Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Сом монеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Улуттук банк медиктер менен ыктыярчыларга арналган монетаны жүгүртүүгө чыгарды
Жаңылыктар түрмөгү
0