ИИМ таксисттерди лицензия алууга милдеттендирет. Мыйзам долбоорундагы талаптар

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүТакси. Архив
Такси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2022
Жазылуу
ИИМ тактаган маалымат боюнча учурда таксисттердин жарымы сол рулдуу унаа айдайт.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Ички иштер министрлиги такси кызматтарын милдеттүү түрдө лицензиялоо мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Аталган демилге Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде биринчи окууда каралды.
ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, лицензиянын жылдык баасы такси фирмаларына 1000, таксисттердин өзүнө 500 сом.
Лицензия алуу үчүн төмөнкүдөй талаптар коюлган:
Айдоочунун үч жылдык тажрыйбасы;
Техникалык кароодон өтүү (баасы 900 сомдон жогору);
Камсыздандыруу (баасы 546 сом);
Патент (500 сом);
Социалдык фондго төлөм (300 сом);
Оң рулдуу автоунааларга берилбейт.
Мыйзам күчүнө кирсе лицензиясы жок иштеген таксисттерге 5 500, фирмаларга 17 000 айып салынат. Эгер үч жолу мыйзам бузуу катталса, такси фирмасынын лицензиясы токтотулат.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов мыйзам долбоорунун негизги максаты көзөмөлдү күчөтүү, тартипке келтирүү жана жол кырсыктарын азайтуу болуп саналарын белгиледи.
"Азыркы таксилердин абалын көрүп жатасыздар, жөнгө салбасак өтө кооптуу. Аймактарга каттаган таксилер бүгүн келип, уктабай эле кайра кетет. Эч ким көзөмөлдөбөйт. Анан жолдо кишилер өлүп жатат. Таксисттерге ыңгайсыз болуп калат десек элдин баарын кырып алабыз. Биз аларды лицензия берүү менен каттоого алып алсак, көзөмөлдөө жеңил болот. Эң биринчи максаты — жол кырсыктарын алдын алуу, коопсуздукту сактоо", — деди Исраилов.
ИИМ тактаган маалымат боюнча, 17 миңге чукул такси каттаса, анын жарымы сол рулдуу унаа.
Мындан улам депутат Карим Ханджеза такси кызматы негизги киреше булагы болгон көптөгөн жарандар жумушсуз калат деп тынчсызданды.
"Жол кырсыктардын 60 пайызы, өзгөчө оор кесепеттерге алып келгени оң рулдуу унаалар болууда. Беш-ондон көп адам мерт болот. Биз уруксат бере албайбыз, ал өтө кооптуу. Андыктан сол рулдуу транспортторго өтүшү шарт", — деди Исраилов.
Депутат элди кыйнабаш үчүн жок дегенде белгилүү бир мөөнөт берүүнү сунуштады. Исраилов ага макул болуп, мыйзам кабыл алынгандан кийин алты айда күчүнө кире тургандай кылса болорун айтты.
Белгилей кетсек, учурда жүргүнчү ташыган бус жана автобустар лицензиянын негизинде иштейт.
Колунда алкоголдук ичимдик кармап турган айдоочу. Иллюстартивдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Мас айдоочулар күбөлүгүнөн ажырап, айып пул көбөйөт. Мыйзам долбоору талкууда
Жаңылыктар түрмөгү
0