Соцфонддун реформасынан кийин эң төмөнкү пенсия 3 170 сом болот

© Sputnik / Константин МихальчевскийПожилая женщина с монетами в руках. Архивное фото
Пожилая женщина с монетами в руках. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Жазылуу
Парламентте Соцфонд демилгелеген мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Пенсиялык реформадан кийин орточо пенсиянын суммасы 15 пайызга жогорулайт. Бул туурасында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев парламентте билдирди.
Бүгүн депутаттар "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун биринчи окууда карады.
"Азыр бизде "1000-1500 сом пенсия алгандар бар" деп урушуп жатасыздар. Биз ошону оптималдаштырып жатабыз. Эң төмөнкү пенсияны 3 170 кылып жатабыз. Ошондо орточо пенсия алгандардын саны дагы 15 пайызга көбөйөт. Мөөнөтүнөн мурда пенсия чыккандарды азайта турган болсок, орточо пенсиялар дагы көтөрүлөт да. Анткени орточо пенсиянын өлчөмү азаят", — деди Соцфонддун төрагасы.
Алиевдин айтымында, Социалдык фондго катталгандардын саны 1,4 миллион, бирок реалдуу түрдө маянасынан 2000-3000 сом төлөгөндөр 600 миң адам. Калганы жер салыгынан айына 7-10 сом гана төгөт.
Буга чейин Соцфонддун төрагасы өлкөдө эң төмөнкү пенсия 2000 сом экенин айткан.
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2022
Радио
Жуматаева: 179 миң пенсия алган карыянын төгүмү дагы 40 пенсионерди багат
Жаңылыктар түрмөгү
0