16-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Таисия Воронцова / Медиабанкка өтүүПаркта сейилдеп жүргөн адамдар. Архив
Паркта сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2022
Жазылуу
16-декабрда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Жума күнү айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +5…+10, Таласта +7…+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Ысык-Көл жеринде +3…+8, Нарын чөлкөмүндө -3…-8 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +8…+10 градуска жетери айтылды.
Баласы менен көчөдө сейилдеп жүргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Январь жылуу болобу? Бир айга аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0