Ош шаарына 50 электробус, 20 троллейбус алуу пландалууда

© Sputnik / Евгений Самарин / Медиабанкка өтүүАвтобустун салону. Архив
Автобустун салону. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2022
Жазылуу
Долбоордун алкагында калк жыш жайгашкан көчөлөргө троллейбус линиясын ачуу каралган.
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Ош шаарына 50 электробус жана 20 троллейбус алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, ал "Ош шаарынын электр коомдук транспортун модернизациялоо" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылат.
Долбоордун алкагында үчүнчү троллейбус линиясын ишке киргизүү, тиешелүү инфраструктураны, заряддоо станцияларын куруу иштери камтылган. Линиянын узундугу бир тарапка 6,3 чакырымды түзүп, каттам шаардын калкы эң жыш жайгашкан Араван, Кулатов, Анар, Ак-Тилек кичи райондору аркылуу өтөт.
Электробус. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Кийинки жылы Бишкекке 120 электробус алып келинет. Жол киреси
Жаңылыктар түрмөгү
0