Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Туманов: "Улуу көчмөндөр мурасы" берген лицензиялар кайтарылат

© Sputnik / Асель АкматГеология жана жер казынасы департаментинин директору, министрдин орун басары Алмаз Туманов
Геология жана жер казынасы департаментинин директору, министрдин орун басары Алмаз Туманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2022
Жазылуу
Геология жана жер казынасы департаментинин директору, министрдин орун басары Алмаз Туманов холдинг ири долбоорлорду алып кете албай калганын айтты.
"Улуу көчмөндөр мурасы" компаниясынын жетекчилиги көп жыл чет мамлекетте иштеп, Кыргызстандын ички мыйзамдарын билбегендиги ишкананын жабылышын шарттады. Мындай пикирин Алмаз Туманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Туманов: "Улуу көчмөндөр мурасы" берген лицензиялар кайтарылат
Анын айтымында, холдинг ири долбоорлорду баштап алып, жыйынтыгында ишти алып кете албай калды.
"Улуу көчмөндөр мурасы" компаниясы өз ишин өтө жакшы, дымактуу баштады эле. Мен дагы иштеп кетишин чын дилимден каалагам. Тилекке каршы, анын жетекчилиги ички мыйзамдарды дыкат билбегендигинен жабылып калды. Экинчиден, өтө эле чоң долбоорлорду баштап алышкан. Азыркы тапта биз берген жети кен чыккан жердин бонустун (лицензия алган компания кен казуу укугуна ээ болгондугу үчүн бир ирет мамлекетке төлөөчү салык — ред.) өзү эле адашпасам 5 миллион доллардан ашып кеткен. Анткени алардын запасы аныкталган. Ар бир запаска, алтынга, мисалы, 60 миң доллар, башка металлдарга да түрдүү баалар коюлуп, жыйынтыгында 5 миллионго жетет. Бирок мекеме бизге акчасын төлөй албайбыз деп кат менен кайрылган. Ошондуктан берилген лицензиялар кайтарылып алынат, бирок бонусту мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирилет. Мыйзам боюнча, 30 күндүн ичинде бонус төлөнүшү керек болчу, тилекке каршы, ушул күнгө чейин мамлекеттин казынасына келип түшө элек. Бул келишимди бузууга барабар. Лицензия алууга билдирүү берип жатканда биздин мыйзамдарды талдап, иликтеп алышканда мындай көйгөй жаралбайт эле", — деди Туманов.
Ал жоюлуп кеткен "Көчмөндөр мурасы" компаниясы жалпысынан 42 ири долбоорду ишке ашырууга бел байлагандыгын кошумчалады.
Эскерте кетсек, үч миллиард сомдук уставдык капиталы менен түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" холдинги ишин токтоткон. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте ушул жылдын ноябрь айында билдирүү жасаган.
"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коому 2021-жылдын 29-январында түзүлгөн эле. Анын негизги милдети Кумтөр сыяктуу мамлекеттик кендерди тейлеп, казууга лицензия берүү болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0