Захарова АКШнын Россияны БУУнун Коопсуздук кеңешинен чыгаруу ниетине жооп берди

© Sputnik / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2022
Жазылуу
Коопсуздук кеңешинде Россия, АКШ, Кытай, Улуу Британия жана Франция туруктуу негизде иш алып барат, бул мамлекеттердин ар бири вето укугуна ээ.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Эгер Россияны таптакыр эле жок кылып же дүйнөнүн баарын басып алууга мүмкүнчүлүк болсо, АКШ ойлонбой туруп аны жасамак. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьердин сөзүнө жооп иретинде айтканын РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, Карин Жан-Пьер эгер Россияны БУУнун Коопсуздук кеңешинен четтетүү ыкмасы болсо АКШ андай мүмкүнчүлүктү дароо колдонмоктугун билдирген. Анын айтымында, эч кандай жылчык болбогондуктан Вашингтон Москваны эл аралык уюмдардын баарынан оолактатууга аракет кыла бермекчи.
"Россияны жер жүзүнөн жок кылуу колунан келсе АКШ кайра тартмак эмес. Дүйнөдөгү нефтини, алтынды, алмаз, сууну, дегеле болгондун баарын басып алууга мүмкүнчүлүгү болсо эч ойлонбостон жасамак. Кудайга шүгүр, колунан келбей калды. Болбосо баарын каратып алмак", — деп жазган Захарова Telegram каналына.
Буга чейин Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя Москваны БУУнун Коопсуздук кеңешинен чыгарууга уюмдун Уставы жол бербей турганын белгилеген.
ТИМ жетекчисинин орун басары Сергей Вершинин өз кезегинде АКШнын мындай демилгеси ишке ашпай турганын, БУУнун жобосуна өзгөртүү киргизүүнү мүчө мамлекеттердин жана туруктуу мүчөлөрдүн үчтөн бири колдошу керектигин эскерткен. Ведомство мындай сунуш уюм ичинде өтпөйт деген пикирде.
Коопсуздук кеңешинде Россия, АКШ, Кытай, Улуу Британия жана Франция туруктуу негизде иш алып барат, бул мамлекеттердин ар бири вето укугуна ээ. Дагы он мүчө Башкы ассамблея тарабынан эки жылдык мөөнөткө шайланат.
Брюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Евробиримдик Россияга каршы санкциялардын тогузунчу пакетин даярдады
Жаңылыктар түрмөгү
0