Садыр Жапаров Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Казакстан лидери Касым-Жомарт Токаев менен. Архив
Президент Садыр Жапаров Казакстан лидери Касым-Жомарт Токаев менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2022
Жазылуу
31 жыл мурда 16-декабрда Жогорку Совет Казакстандын көз карандысыздыгы жана мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө мыйзам кабыл алган.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, Казакстан лидери Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Президенттер эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшкөн.
"Жапаров Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен кызуу куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми боордош казак элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бүгүн Казакстанда Эгемендүүлүк күнү белгиленип жатат. Казакстан Республикасынын "Майрамдар жөнүндө" мыйзамына ылайык, бул күн — Казакстандын мамлекеттик майрамы.
31 жыл мурда, 1991-жылдын 16-декабрында, Жогорку Совет Казакстандын көз карандысыздыгы жана мамлекеттик эгемендиги жөнүндө мыйзам кабыл алган. Ошентип коңшу Казакстан мурдагы союздук республикалардын акыркысы болуп эгемендүүлүгүн жарыялаган.
Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Казакстанда Назарбаев күнүн белгилешкен жок
Жаңылыктар түрмөгү
0