Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ысабеков: Салык кодексине комплекстүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө

© Sputnik / Асель АкматЭкономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков
Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2022
Жазылуу
Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу айтып берди.
Салык кодексине өзгөртүү, толуктоолордун киргизилиши — салык тармагын реформалоонун уландысы. Бул тууралуу Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Ысабеков: Салык кодексине комплекстүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө
Анын айтымында, Салык кодексинде жылына бир жолу өзгөртүү киргизүү боюнча жобо камтылган.
"Ушул жылдан тартып жаңы кабыл алынган Салык кодекси иштеп жатат. Мурда жылына кодекске 10-15 өзгөртүү жана толуктоо киргизилип турган. Ошондуктан жаңы кабыл алынганында аталган тармакта туруктуулукту камсыз кылуу максатында жылына бир жолу өзгөртүү киргизүү боюнча жобо каралган. Ошонун негизинде бизнес-өкүлдөр менен биргеликте иштеп чыгып, учурда Салык кодексине комплекстүү өзгөртүүлөр сунушталууда. Анткени быйыл креативдүү индустрия боюнча мыйзам кабыл алынды. Анда аталган тармакка салыктык жеңилдиктер каралган. Мындан тышкары, ККМге, бирдиктүү салык режимине өтүү, айыптардын өлчөмүн төмөндөтүү боюнча президенттин жарлыктары чыкты. Өзгөртүү, толуктоолор — салык реформасынын уландысы. Негизги максаты — көмүскө экономиканы азайтуу. Бул максатта электрондук эсеп-фактура, товарларды маркалоо, ККМ кирген. Учурда ККМди колдонгондордун жылдык айлантуудагы каражаты 8 миллион сомдон ашпаса салыктан бошотулат. Ал эми бирдиктүү салыктын ставкасы накталай 4 пайызды, накталай эмес 2 пайызды түзөт. Ишкерлер муну карап чыгуу зарылдыгын белгилешти. Натыйжада айлантуудагы каражаты 30 миллион сомго чейин болсо бирдиктүү салыктын ставкасы 0,5 пайыз, 50 миллион сомго чейин 1 пайыз, эгер бул көрсөткүчтөн ашса кадимки ставка менен, тактап айтканда, накталай 4 пайыз, накталай эмес 2 пайыз салык төлөө сунушталууда. Ошондой эле бирдиктүү салыктын чегин алып салуу сунушталууда. Себеби мурда чектен ашкандар жалпы салыктык режимге өтүшү керек болчу", — деди Ысабеков.
Ошондой эле ал ККМди колдонбогондор жана аны туура эмес иштеткендерге учурда дароо 13 миң сом айып салынса, сунушталып жаткан долбоордо алгач эскертүү, экинчисинде беш миң сом, дагы кайталанса 13 миң сом айып салуу каралганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0