Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Укрэнерго" чукул кырдаал жарыялады. Чоо-жайы

© AFP / SERGEI SUPINSKYКиев шаары. Архив
Киев шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2022
Жазылуу
Бүгүн Украина ЖМКлары Киев, Харьков, Днепропетровск, Кривой Рогдо жарылуу болгонун жазышты.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. "Укрэнерго" улуттук компаниясы Украинанын энергетикалык системасы керектөөнүн 50 пайыздан ашыгын жоготкондугуна байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаганын РИА Новости "Страна.ua". ресурсуна таянып билдирди.
"Бирдиктүү энергетикалык системада керектөөнүн 50 пайыздан ашык жоготуу болду. Бул авариялык системадан кабар берет", — деп айтылган маалыматта.
Жума күнү жалпы Украина боюнча абадан коопсуздук кабарын жарыялашты. Өлкөдө энергетикалык объектилердин инфраструктурасынын зыянга учурашынан улам электр кубатын авариялык тартипте тез арада өчүрүлгөнү айтылды. Киевдин мэри Виталий Кличко борбордун бир катар райондорунда жарылуулар болгондугун, электр кубаты өчө баштагандыгын айтты.
Харьков таптакыр эле ресурсу жок калган. Жылытуу системасы Кременчугда өчсө, Полтовада электр кубаты үзүлгөн. Днепропетровскиде эки ирет ири жарылуу болгонун айтышты. Жергиликтүү ЖМКлар Кривой Рог, Запорожье, Винница, Кировоград жана Тернополь облустарында да жардыруулар жаңырганын жазышты.
Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын аскердик башкаруу тутумунун объектилерине, коргонуу комплекстерине жана ага байланыштуу энергетикалык инфраструктурага октябрдын башында ракеталык сокку ура баштаган. Бул Крым көпүрөсүнө жасалган теракт жана Россиянын жарандык объектилерине жасалган кол салууга берилген жооп болгон. Москванын билдиргенине караганда, бул иштердин артында Украинанын атайын кызматтары турат.
Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль өлкөнүн энергетикалык системасынын жарымы иштен чыккандыгын билдирди.
Түнкү Киев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Электр кубаты Украинанын бардык аймактарында өчө баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0