Күн жылуу болот. Талас облусундагы келерки жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүКүндүн батышы. Архив
Күндүн батышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
Жазылуу
Өрөөндөрдө күндүз 5 градус жылуу, түнү -8 градуска чейин суук болот.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Талас облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин божомолунда, 18-20-декабрь күндөрү жаан-чачын болбойт. Жекшембиде айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. 21-декабрда кечке чукул кар жаайт. 22-декабрда күн кайра ачылып, 24-декабрга чейин өзгөрбөй турат.
Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Апта ичинде Талас шаарында жана өрөөндөрдө күндүз 5 градус жылуу, түнү -8 градуска чейин суук болот.
Бишкектеги ыш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2022
Абанын булганышы кандай ооруларды пайда кылышы мүмкүн. Министрликтин тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0