Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Bloomberg: Украина АКШнын эмнеден аксай турганын ачыктап койду

© AP Photo / Roman KoksarovАКШнын Украинага аскерий жардамы. Архивдик сүрөт
АКШнын Украинага аскерий жардамы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2022
Жазылуу
Донбассты коргоо боюнча россиялык атайын операция башталган соң АКШ башында турган батыш мамлекеттери Украинага курал-жарак жөнөтүүдө.
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Украинага тынбай көрсөтүлгөн аскердик жардам АКШнын өз арсеналын толтура албай турганын көрсөттү. Мындай маанайдагы макала Bloomberg басылмасына жарыяланды.
Баяндамачылар Энтони Капачио менен Кортни Макбрайд бул жагдайда АКШ үчүн Кытай менен Түндүк Корея кооптуулук жаратарын белгилешкен.
Макалада Америка Украинага өтө керектүү болгон снаряд, танк, көчмө ракеталык комплекстерди өндүрүүгө жөндөмсүз болуп чыкканы айтылат. Кризис башталгандан бери Вашингтон Киевге миллиондон ашуун 155 миллиметрлик, 180 миң 105 миллиметрлик снаряд, он миңдей "Жавелин" менен "Стингер" жөнөткөн.
Авторлор АКШнын коргоо министринин камсыздоо боюнча орун басары Уильям Ла Планттын өлкөнүн Инд жана Тынч океанындагы "жарылууга" даяр эместиги тууралуу айтканын келтиришкен. Чиновник сарамжал экономика жүргүзүүнү өлкө үчүн жападан жалгыз туура жол деп эсептейт.
Cowen компаниясынын алдындагы изилдөөчү топтун өкүлү Роман Швейцер АКШ украин кризиси башталганга чейинки ок-дарынын эки эсе көп запасына ээ болушу керектигин билдирген.
"Украинанын алкымы талуу жерди ачыктап койду", — деп белгиленет макалада.
2020-жылы АКШда Stinger комплекстеринин өндүрүшү токтотулган болчу, эми кайра жандандыруу аракеттери жүрүп жатат. Сенат арсеналды толтуруу көйгөйүн узак мөөнөттүү келишимдер менен чечүүнү сунуштоодо, бирок Пентагон азырынча бир да макулдашуу түзө элек. Материалда бул жалгыз маселе эмес экени, сатып алуунун өтө татаал системасы да ыңгайсыз экени белгиленген.
24-февралда Донбассты коргоо боюнча россиялык атайын операция башталган соң АКШ башында турган батыш мамлекеттери Украинага тынбай курал-жарак жөнөтүүүдө. Москва мындай кадам чыр-чатакты создуктурарын белгилеп, аларды ташыган транспорт РФ армиясынын мыйзамдуу бутасы болуп каларын эскертип келет.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун башкы катчысы Украинадагы жаңжал көпкө созулат деп билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0