Күн жылыйбы? Ысык-Көлдөгү апта ичиндеги аба ырайына божомол

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл аба ырайы. Архивдик сүрөт
Ысык-Көл аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2022
Жазылуу
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Ысык-Көл облусундагы аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Облуста жуманын башында жаан-чачын күтүлбөйт.
21-22-декабрда айрым жерлерде кар жаайт. Бирок 23-24-декабрда күн ачылат.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-декабрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
Чүй облусунда кайра суук түшпөйбү? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0