Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Боргемикова: кыргыз шахматчылары эл аралык мелдештерге көп чыга баштады

© Sputnik / Асылбек БактыбековШахмат боюнча машыктыруучу Жылдыз Боргемикова
Шахмат боюнча машыктыруучу Жылдыз Боргемикова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2022
Жазылуу
Шахмат боюнча машыктыруучу Жылдыз Боргемикова ата-энелер баланын интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө көңүл бура баштаганын айтты.
Кыргыз шахматчылары эл аралык мелдештерге көп чыгып, жакшы тажрыйба топтоду. Эми чоң ийгиликтерди жаратып, дүйнөлүк деңгээлде ири атаандаштык көрсөтө алчу курама командабыз бар. Бул тууралуу шахмат боюнча машыктыруучу Жылдыз Боргемикова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Боргемикова: кыргыз шахматчылары эл аралык мелдештерге көп чыга баштады
Анын айтымында, учурда Кыргыз шахмат союзунун өкүлчүлүгү республиканын бардык аймагында ачылып, өспүрүмдөрдүн кызыгуусу кескин өстү.
"Ушул жылы Шри-Ланкада өткөн шахмат боюнча мектеп окуучуларынын Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар жалпы 41 медалга ээ болду. Бул кыргыз шахмат тарыхындагы эң ири көрсөткүч. Акыркы жылдары биздин балдар-кыздар эл аралык мелдештерге көп чыгып, жакшы тажрыйба топтой алышты. Эми чоң ийгиликтерди жаратып, дүйнөлүк деңгээлде ири атаандаштык көрсөтө алчу курама командага айланды. Албетте, коңшу Казакстан, Өзбекстандын оюнчулары салыштырмалуу бизден алдыда. Бирок алардан ашып, эл аралык турнирлерде медалдардын санын көбөйтүүгө убакыт келди. Буга ата-энелердин салымы абдан чоң. Анткени баланын интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө көңүл буруп жатышат. Эгерде шахматка мамлекет жетиштүү мамиле жасаса, жыйынтык мындан да бат болот эле", — деди Боргемикова.
Ошондой эле адис кыргыз шахматчыларынын көрсөткүчү дүйнөлүк рейтингде акырындык менен жакшырып бара жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0