Кыргызстандык кыз Россиядагы студенттер сынагында жеңүүчү болду

© Фото / пресс-служба посольства России в КРКыргызстандык Ажар Аламанова бүткүл россиялык "Жылдын студенти — 2022" конкурсунда "Жылдын чет элдик студенти" наамында жеңүүчү болду
Кыргызстандык Ажар Аламанова бүткүл россиялык Жылдын студенти — 2022 конкурсунда Жылдын чет элдик студенти наамында жеңүүчү болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2022
Жазылуу
Россиянын улуттук сыйлыгы окууда, илимде, спортто, чыгармачылыкта, коомдук турмушта ийгилик жараткан жаштарга ыйгарылат.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстандык Ажар Аламанова бүткүл россиялык "Жылдын студенти — 2022" конкурсунда "Жылдын чет элдик студенти" наамында жеңүүчү болду. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлады.
Сыйлык тапшыруу салтанаты Москва шаарында 17-декабрда өттү. Аламанова Сибирь федералдык университетинде билим алып жатат. Үч тилде окуп, илимий жана коомдук иш менен алектенет. Ажар институттук, университеттик жана аймактык сынактардын тандоо этаптарынан өткөн. Конкурс өзү жөнүндө айтып берүү, иштиктүү сапаттарын тааныштыруу, Россия элдеринин маданиятын билүү, өз өлкөсүнүн маданиятын көрсөтүү бөлүмдөрүнөн турган.
"Мен жаңы таасирлерди жана шыктануу алайын, күнүмдүк нерселерден өзгөчөлөнгөн тажрыйбага ээ болоюн деп келгем. Баарын көрдүм, алдым десем болот. Финал абдан маңыздуу болду, ал гана эмес чарчаганымды да сездим. Бирок аны менен кошо өзүмдүн номинациямда балдардан, эксперттерден, уюштуруучулардан көптү үйрөндүм. Башкысы, алган тажрыйбам, жаңы тааныштар, байланыштар жана идеялар болду", — деп айтып берди кыргызстандык Ажар Аламанова.
Россиянын "Жылдын студенти" деп аталган бул улуттук сыйлыгы окууда, илимде, спортто, чыгармачылыкта, коомдук турмушта ийгилик жараткан жаштарга ыйгарылат.
Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти Кубанычбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2022
Кыргызстандык Москвада өткөн "Романсиада" сынагында жеңүүчү болду
Жаңылыктар түрмөгү
0