Таластын бир районунун аталышы Чыңгыз Айтматов болуп өзгөртүлөт

© Фото / Александр ФедоровУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2022
Жазылуу
Райондон башка үч айылдын аталышы дагы алмашары айтылды.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Буура районунун аталышын Чыңгыз Айтматов деп өзгөртүү сунушталды.
Тиешелүү мыйзам долбоорун Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Элчибек Жантаев демилгелеп, парламентке алып келди.
Мындан сырткары, Нарындын Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон Хан, Оштун Ноокат районундагы Борбаш айылынын аталышын Кайрагач, Таластын Кара-Буура районундагы Чымкент айылын Чолпонбай айылы деп өзгөртүү сунушталган.
Документ биринчи окууда каралды.
Баткен облусун Маргун айылынын көрнөк тактасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Халмион – Жеңиш, Маргун – Кең-Талаа болду: Баткенде 13 айылдын аталышы өзгөрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0