Наныбыз адал болсун. Мадумаров мыйзамсыз иштер боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2022
Жазылуу
Депутаттын айтымында, соңку жагдайларды комиссия иликтемейинче ЖК өзүнүн ишин актабайт.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров соңку кезде одоно мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, депутаттык комиссия түзүп иликтөөнү сунуштады.
Ал эл өкүлдөрү өлкөдөгү башаламандыктарга кайдыгер карап отурбашы керек деп эсептейт.
"28 жараныбыз түрмөдө мыйзамсыз кармалып жатат. Кечээ дарыгерлер эки кызыбыздын ден соолугуна катуу коркунуч келип турат, арты кайгылуу болушу мүмкүн деп коңгуроо какты. Жогорку Кеңеште эч нерсе болбогондой тымпыйып отурабыз. Ага же президент, же парламент кулак какпаса эртең азаптын чеңгелине кабылабыз. Сөзсүз эле Марат Казакпаевге окшоп сөөгү чыгыш керекпи? Кайдыгерлик мыйзам, ыйман боюнча да эң чоң күнөө. Азыр 28 үй-бүлө сыздап отурат", — деди Мадумаров.
Депутат эгер парламент Конституцияны же адам укуктарын коргой албаса, берген антынан тайганга барабар экенин белгиледи. Мисал катары Акылбек Жапаров 2023-жылы жөлөк пулдарды жашоо минимумуна жеткире албастыгын айтканына карабай бюджетин колдоп беришкенин айтты.
"Соңку кезде сүйлөгүм да, ушул жерге киргим дагы келбейт. Кайран Жогорку Кеңеш, кайран элдин өкүлдөрү, кайран алып жаткан айлык, кайран көкүрөккө таккан мына туу (төш белги). Ушул жерде шукшуңдашып беш-алтыдан кудуңдашып, кучакташып өз маселебизди чечкенден башка эмне кылып жатабыз, туугандар. Биз кабыл алган мыйзамдардан эмне өзгөрүп жатат? Сурангым да, сүйлөгүм да келбей келган. Бирок суранам, урматтуу кесиптештер, биз соңку кездеги Конституциянын одоно бузулуп жатканын комиссия түзүп иликтемейинче ЖК өзүнүн ишин актабайт, жеп жаткан наныбыз адал болбойт. Эгер Конституциянын кепили болгон инсан Конституция менен эсептешпесе, анда биз эл өкүлү катары эсептешишибиз керек", — деди Мадумаров.
Андыктан депутат тез арада комиссия түзүп, бир айлык мөөнөттө Кыргызстандагы адам укугу, мыйзамдар жана Конституция бузулуп жатканын иликтеши керектигин белгиледи.
"Иш бүткөндөн кийин аркасынан ыйлап калганды токтотушубуз керек. Алдын ала чара көрөлү. Комиссияга ар бир фракциядан коркпой позициясын билдире алган азаматтар кирсин", — деди депутат.
Ошодой эле сунушту саясатка аралаштырбай кароону өтүндү.
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2022
Мадумаров Элдик курултай мыйзамсыз өттү деп Конституциялык сотко даттанат
Жаңылыктар түрмөгү
0