Чычырканактын дарылык касиетин кантип сактаса болот? Диетологдун кеңеши

© Sputnik / Илья НаймушинЧычырканак. Архив
Чычырканак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2022
Жазылуу
Чычырканак аз кандуулуктан жапа чеккен же суук тийип, сасык тумоо менен көп ооруган адамдар үчүн абдан пайдалуу мөмө экендиги айтылган.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. С витаминине бай болгон чычырканак иммунитетти чыңдап, кан тамырларды бекемдейт. Бул тууралуу врач-диетолог, нутрициолог Анжелика Люваль Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
Дарыгер чычырканакта С витаминден тышкары башка көптөгөн пайдалуу заттар бар экендигин кошумчалаган.

"Мөмөнүн курамында организмге өзгөчө кыш мезгилинде керектүү болгон марганец, кремний, бета-каротин, А жана Е витаминдери бар. Булардын баары жүрөк кан-тамыр системасына, муундарга, иммунитетке жардам берип, жалпысынан организмди жашартууга көмөктөшөт. Ошондой эле чычырканак антибактериалдык касиетке да ээ", — деп айткан адис.

Бирок жогорку температурага дуушар болгондо чычырканак өзүнүн көптөгөн пайдалуу касиеттерин жогото тургандыгы эскертилген.
"60 градустан жогору температурада чычырканактын курамындагы пайдалуу заттардын көбү бузулат, мисалы, С витамини толугу менен жоголот. Ошондуктан чычырканак чайларын пайдасы менен колдонгубуз келсе, аны алгач блендер менен эзип алыш керек. Чайды өзүнчө демдеп, бир аз муздаткан соң чычырканакты ага кошуу керек", — деп кеңеш берген Анжелика Дюваль.
Дарыгер ашказан-ичеги-карын оорусу менен жабыркагандар мөмөнү көп колдонбошу керектигин кошумчалаган.
Май алуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Ден соолук бекем болуш үчүн кайсы азыктардан акча аябаш керек? Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0