Жапаров Санкт-Петербургда өтө турган КМШнын бейформал саммитине катышат

© Sputnik / пресс-служба президента КР / Евгений БиятовСанкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммити. Архив
Санкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммити. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2022
Жазылуу
Кыргызстандын президенти буга чейинкисине катышкан эмес.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 26-декабрда Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтө турган КМШ мамлекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу күтүлүүдө.
Эске салсак, КМШ мамлекет жетекчилеринин бейформал жолугушуусу 26-27-декабрда Санкт-Петербург калаасында болот. Бул КМШ лидерлеринин узап бара жаткан жыл ичиндеги экинчи жолугушуусу болуп калмакчы.
КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2022
КМШнын бейформал саммити 26-27-декабрда Санкт-Петербургда өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0