Өзбекстандыктарга Кыргызстанда бир ай каттоосуз жүрүүгө уруксат берүү сунушталды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүӨзбек жаранынын паспорту. Архив
Өзбек жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2022
Жазылуу
Өзгөртүүлөр негизинен Өзбекстан менен Азербайжан жарандарын каттоо маселесине байланыштуу.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Министрлер кабинети Өзбекстандын жарандарына Кыргызстанда 30 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат берүүнү сунуштоодо.
Токтомдун долбоорун Санариптик өнүктүрүү министрлиги сунуштады. Эске салсак, азыркы мыйзамдарда коңшу өлкөнүн жарандары үчүн мындай норма жок.
Министрлик ошондой эле Азербайжан жарандарына каттоо мөөнөтүн 10 күндөн 30 күнгө чейин узартууну сунуштаган.
Ведомство "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына ылайык, Кыргызстанда беш жылдан ашык иммигрант статусунда жүргөн чет элдиктерге же жарандыгы жок адамдарга туруктуу жашоого уруксат берилерин эске салган.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Россия, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь, Грузия, Азербайжан, Молдова, Вьетнам, Куба жана Түндүк Кореянын жарандарына каттоону беш жылга чейин узарта турган эреже сунуштаган. Анткени бул өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда көптөн бери жашаса да (беш жылдан ашык), туруктуу жашоого уруксат берилбегени маалым.
Токтом долбоору тууралуу кененирээк министрлер кабинетинин сайтынан таанышууга болот.
Майыптыгы бар жаран. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2022
Майыптыгы бар жарандарга жашаган жерине барып документ берүү өнөктүгү башталды
Жаңылыктар түрмөгү
0