Өкмөт өлкөдөгү мамлекеттик органдардын ишине баа койду. Тизме

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРМинистрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны
Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2022
Жазылуу
Талдоонун жыйынтыгы боюнча, "мыкты" деген баа мамлекеттик 10 органга, "канааттандырарлык эмес" деген баа бир органга берилген.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун ишине мониторингдин жана натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Жапаров өлкөнүн башкы документи болгон Улуттук программаны сапаттуу жана толук ишке ашыруу үчүн министрликтердин, ведомстволордун ишинин майнаптуулугуна мониторинг жүргүзүп баа берүүнүн так жана жөнөкөй системасы киргизилгендигин белгиледи.
"Мындай ыкма үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын башында Швейцарияда өткөн стратегиялык документтерге мониторинг жүргүзүү боюнча аналитиктердин эл аралык форумунда сунушталган жана стратегияларды сапаттуу ишке ашыруунун деңгээлин жана ага мамлекеттик органдардын катышуусун жөнөкөйлөтүлгөн түрдө аныктоого мүмкүндүк берет", — деген Жапаров.
Талдоонун жыйынтыгы боюнча "мыкты", "жакшы", "үч" жана "эки" деген баалар менен аныкталганын кошумчалады.
"Министрлер кабинетинин 2022-жылга карата иш-аракеттер планында 650 иш-чара каралган", — деп белгилеген өкмөттүн башчысы.
Министрлер кабинетинин башчысы иш-чаралар планынын аткарылышын талдоонун, мониторингдин жыйынтыгында төмөндөгүдөй баа берилгендигин билдирди:
"мыкты" деген баа – 10 мамлекеттик органга;
"жакшы" деген баа – 19;
"канааттандырарлык" баасы – 3;
"канааттандырарлык эмес" – 1.
Жапаров "эң жакшы" деген баа алган министрликтер менен ведомстволорду санап чыгып, башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин жакшы натыйжа алуу үчүн болгон потенциалды пайдаланууга чакырды.
Тизмедеги мамлекеттик органдар "эң жакшы" деген баа алышты:
1.
Мамлекеттик салык кызматы;
2.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;
3.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
4.
Ички иштер министрлиги;
5.
Коргоо министрлиги;
6.
Тышкы иштер министрлиги;
7.
Юстиция министрлиги;
8.
Улуттук статистика комитети;
9.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;
10.
Социалдык фонд.
"Жакшы" деген баага татыгандар:
1.
Экономика жана коммерция министрлиги;
2.
Финансы министрлиги;
3.
Саламаттык сактоо министрлиги;
4.
Айыл чарба министрлиги;
5.
Билим берүү жана илим министрлиги;
6.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
7.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иши министрлиги;
8.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
9.
Бишкек шаарынын мэриясы;
10.
Ош шаарынын мэриясы;
11.
Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү;
12.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү;
13.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү;
14.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү;
15.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү;
16.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү;
17.
Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү;
18.
Улуттук банк;
19.
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик.
"3" алгандар:
1.
Энергетика министрлиги;
2.
Инвестиция боюнча мамлекеттик агенттик;
3.
Мамлекеттик курулуш.
Өкмөт башчынын айтымында, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин иши "канааттандырарлык эмес" деп табылган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2022
Төрөбаев: бүт мамлекеттик органдар жасалма интеллект менен иштөөгө өтүшү керек
Жаңылыктар түрмөгү
0