Бишкек мэри KPI тууралуу жобону бекитти. Система январда иштеп баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясы. Архив
Бишкек мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Жазылуу
Муниципалдык кызматкерлердин иши беш блок боюнча бааланат.
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров "Аймактык бөлүмдөрдүн жана муниципалдык ишканалардын майнаптуулугунун негизги көрсөткүчтөрү (KPI) тууралуу" жобону бекитти. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
KPI системасы Бишкекти өнүктүрүү агенттиги тарабынанан муниципалдык башкаруу жана жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусу менен иштелип чыккан. Январда ишке киргизүү пландалып жатат.
KPI мэрияга караштуу ишкана-кызматтардын белгилүү бир мөөнөттөгү аткарган ишинин жемишин, жетишкендигин чагылдырат.
"Ар бир бөлүм үчүн жеке көрсөткүчтөрдүн комплекси иштелип чыккан, аткарылган жумуш ошонун негизинде бааланат. Натыйжада муниципалитеттин жалпы ишмердүүлүгү тууралуу толук, так маалымат алууга болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Иш экономикалык өнүгүү, транспорт, курулуш жана архитектура маселелери, социалдык чөйрө, муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу, турак жай-коммуналдык чарба сыяктуу беш блок боюнча бааланат.
Мэрия KPI системасы ачык-айкындуулукту, тактыкты камсыздагандыктан муниципалдык кызматтын деңгээлин жогорулатууга болорун белгилөөдө.
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2022
Бишкек мэриясы өтө ылдам жүрүүчү автобустарды жүргүзүүнү сунуштоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0