Орус тилин өнүктүрүүгө кадам ташталган. Жапаров жыйындагы сөзү тууралуу айтты

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Жазылуу
Жапаров кечээ министрлер кабинетинин жыйынында кээ бир мамлекеттик органдарда иш кагаздар кыргыз тилинде жүрбөй жатканын айтып сындаган.
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Өкмөттүн жыйынында орус тили боюнча айтканымды айрымдар туура эмес түшүнүп, ар кандай кептерди айтып жатышат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.
Эске салсак, Жапаров кечээ министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында кээ бир мамлекеттик органдарда иш кагаздар кыргыз тилинде жүрбөй жатканын айтып сындаган.
Президент анын оюн кээ бирлер туура эмес чечмелеп жатканын, тескерисинче, өлкө боюнча орус тилин өнүктүрүүгө кадам ташталганын, келе жаткан жылы Россия тогуз орус мектебин куруп бере турганын белгилеген.
"Мен өкмөт жыйынында эмне үчүн мамлекеттик органдар кыргызча иш кагаздарын жүргүзгүлө дедим. Билесиздер, бизде союз тарагандан бери дасыккан орус тилчи мугалимдер, айрыкча, аймактарда бир топ эле азайып кеткен. Ошол үчүн кадрлар орус тилинен ката кетирген учурлар кездеше баштаганы байкалууда. Бир барак документте толтура ката. Андан көрө сабаттуу кылып кыргызча эле жазгыла дагы, орусчасын артына тиркеп койгула деген ойду айттым. Айрым учурда негизги документ кыргызча, тиркемелер орусча келет. Минтип башаламан кылбай кыргыз тилинде башкы документ, тиркемелерин орус тилинде кылып, бир беткей салынышы керек. Ансыз деле кыргызча жазылган иш кагаздары орус тилине которулуп тиркелет", — деди Жапаров.
Ал орус тили Баш мыйзамга расмий тил деп киргизилгенин айта кетти.
Ошону менен катар мигранттардын көбү Россияда эмгектенип жатканын, алар орус тилин жакшы билгендей болушу керектигин билдирди.
"Тилди сапаттуу деңгээлде билүүсү иш учурунда абдан эле пайдасы тиет. Ошол үчүн былтыр биринчи иш сапарым менен Москвага барганда Владимир Владимировичтен (Путин – ред.) суранып, 9 орус мектебин салып берүү боюнча макулдугун алганмын. Кудай буюрса, келе жаткан жылы бардык региондорго салына баштайт. Мектептер иштеп, региондордо орус тилинен кайрадан жеткиликтүү сабак бериле баштаса, 5-10 жылда кайра орус тили өнүгөт. Негизи КМШ өлкөлөрүндө, ЕАЭБдин ичинде орус тилсиз иш жүргүзө албайсың. Андан тышкары, орус тили БУУда колдонулган тилдердин бири", — деген өлкө башчы.
Мындан сырткары, мектептерде англис тилин дагы мыктылап окутканга аракет көрүлүп жатканын, бирок каражат маселеси бар экенин белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2022
Депутат мектеп, ЖОЖдо айрым сабактарды англис тилинде окутууну сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0