CASA-1000: 84 чакырым электр зымы тартылды, учурда иштер кандай жүрүп жатат

© Фото / пресс-служба НЭСК CASA-1000 долбоорунун курулуш иштери. Архив
CASA-1000 долбоорунун курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2022
Жазылуу
Бул — Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энергетикалык системаларын байланыштырган ири долбоор.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы CASA-1000 долбоору аркылуу 1 243 электр тирөөч курулат. Бул туурасында "Улуттук электр тармактары" ишканасы билдирди.
CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында зым тартуу иштери жүрүп жатат. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өткөн 500 киловольттуу жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын узундугу 456 чакырымды түзөт.
"Ушул тапта 1 217 тирөөчтүн чуңкурлары казылып, курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1202 тирөөч бетондолуп, 969 тирөөч орнотулду, 83,9 чакырым аралыкка зымдар тартылды. Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1243тү түзөт. Андан сырткары, Жалал-Абад облусунда CASA-1000 долбоорунун алкагында "Датка" көмөк чордонундагы 500 киловольттуу көмөкчү чордонун куруу иштери жүрүп жатат. Аталган үч облуста инфраструктуралык объектилерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого алты курулуш базасы курулду", — деп айтылат маалыматта.
CASA-1000 — Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энергетикалык системаларын байланыштырган ири долбоор. Ал эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.
Долбоордун алкагында электр тармактарындагы комплекстер модернизацияланып, жаңы подстанциялар жана жогорку чыңалуудагы электр линиялары курулат. Бул Кыргызстан менен Тажикстанга жайында ашыкча электр энергиясын Пакистан менен Афганистанга экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.
Күн электр станцияcы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2022
Кыргызстан менен Казакстан Ысык-Көлдө күн электр станциясын курат
Жаңылыктар түрмөгү
0