ТИМ Кытайга барчулар үчүн 8-январдан тарта кирчү жаңы эрежелерди түшүндүрдү

© AFP / NOEL CELISПекинде ресторан кызматкери кардарларды чакырып жатат. Архив
Пекинде ресторан кызматкери кардарларды чакырып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2022
Жазылуу
Кытай бийлиги өлкөгө келүү боюнча карантиндик эрежелерин өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алган.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайга барчулар үчүн 8-январдан тарта кирген жаңы эрежелерди түшүндүрдү.
"2022-жылдын 27-декабрындагы Кытай бийлигинин расмий маалыматына ылайык, аталган тарап 2023-жылдын 8-январынан тартып Кытайга келүү боюнча карантиндик эрежелерин өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алган", — деп айтылат билдирүүдө.
ТИМ төмөнкүлөрдү кабарлады:
2023-жылдын 8-январынан баштап Кытайга келүү үчүн КЭРдин чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринен атайын ден соолук QR-кодун алуу боюнча талаптар жокко чыгарылат. Кытайга сапар алган жарандар кетерден мурда 48 саат ичинде жасалган CОVID-19 боюнча ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Ушуну менен бирге бардык жүргүнчүлөр учакка түшкөн учурдан тартып жана Кытайга учуу учурунда бет кап кийүүгө милдеттүү болот.
Кытайга келгендердин бардыгы үчүн ПЦР-тестирлөөдөн жана жамааттык обсервациядан милдеттүү түрдө өтүү боюнча талаптар жокко чыгарылат.
Бардык жүргүнчүлөр ден соолугу жөнүндө бажы декларациясын толтуруу учурунда тесттин жыйынтыгы жөнүндө маалымат бериши керек.
Декларацияда ден соолугу начар экендигин көрсөткөн же эти ысыган белгилери бар жарандар бажы органдарында антиген тестин тапшырат. Эгерде оң натыйжа чыкса, анда саламаттыгына жараша, айыкканга чейин үйдө карантин же ооруканада дарылануу сунушталат.
Дубай шаарынын аэропортундагы Emirates авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
БАЭге кирерде эми ПЦР-тест, эмдөө тууралуу күбөлүк талап кылынбайт
Жаңылыктар түрмөгү
0