Батир, унаа, iPhone 13... "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын жеңүүчүлөрү

© Фото / пресс-служба ГНС КР"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Чек талап кылып, байге утуп ал! лотереясынын жеңүүчүлөрү аныкталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2022
Жазылуу
Лотереянын үчүнчү айлампасына 177 миң адам катышкан.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын үчүнчү айлампасы жыйынтыкталды. Мекеме анын жеңүүчүлөрүн жарыялаган.
Маалыматта айтылгандай, жалпысынан утуш оюнуна 177 миң адам катышкан, алардын лотереялык ID-билетинин саны 18,8 миллионго жеткен. Лотереянын жеңүүчүлөрү түз эфир учурунда сандарды капысынан тандоо ыкмасы менен аныкталды.
© Фото / пресс-служба ГНС КР

Мамлекеттик салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын үчүнчү айлампасы жыйынтыкталды. Мекеме анын жеңүүчүлөрүн жарыялаган

Мамлекеттик салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын үчүнчү айлампасы жыйынтыкталды. Мекеме анын жеңүүчүлөрүн жарыялаган - Sputnik Кыргызстан
1/2

Мамлекеттик салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын үчүнчү айлампасы жыйынтыкталды. Мекеме анын жеңүүчүлөрүн жарыялаган

© Фото / пресс-служба ГНС КР

Маалыматта айтылгандай, жалпысынан утуш оюнуна 177 миң адам катышкан, алардын лотереялык ID-билетинин саны 18,8 миллионго жеткен. Лотереянын жеңүүчүлөрү түз эфир учурунда сандарды капысынан тандоо ыкмасы менен аныкталды

Маалыматта айтылгандай, жалпысынан утуш оюнуна 177 миң адам катышкан, алардын лотереялык ID-билетинин саны 18,8 миллионго жеткен. Лотереянын жеңүүчүлөрү түз эфир учурунда сандарды капысынан тандоо ыкмасы менен аныкталды - Sputnik Кыргызстан
2/2

Маалыматта айтылгандай, жалпысынан утуш оюнуна 177 миң адам катышкан, алардын лотереялык ID-билетинин саны 18,8 миллионго жеткен. Лотереянын жеңүүчүлөрү түз эфир учурунда сандарды капысынан тандоо ыкмасы менен аныкталды

1/2

Мамлекеттик салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын үчүнчү айлампасы жыйынтыкталды. Мекеме анын жеңүүчүлөрүн жарыялаган

2/2

Маалыматта айтылгандай, жалпысынан утуш оюнуна 177 миң адам катышкан, алардын лотереялык ID-билетинин саны 18,8 миллионго жеткен. Лотереянын жеңүүчүлөрү түз эфир учурунда сандарды капысынан тандоо ыкмасы менен аныкталды

Утуштун башкы байгеси — Бишкек шаарындагы бир бөлмөлүү батирди Чынара Каныбек кызы утуп алды. Honda MN-VV үлгүсүндөгү электромобиль Дана Өмүрзакова аттуу жашоочунун шыбагасына туш келген. Лотереядагы утушка коюлган дагы бир электромобиль — Neta V унаасын Таалайбек Эйса жеңип алды.
"Лотереяга катышкан 12 киши iPhone 13 смартфонуна ээ болсо, Samsung телефону 11 адамга буюрду", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, утушка беш муздаткыч, кир жуучу беш машина, беш телевизор жана беш чаң соргуч коюлуп, бардык үй-тиричилик техникасы ээсин тапты. Лотереянын дагы алты катышуучусу микротолкундуу меш жеңип алды.
Жеңүүчүлөрдүн жалпы тизмеси Мамлекеттик салык кызматынын сайтында жайгаштырылган.
Эске салсак, калкты чек талап кылууга үндөгөн "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы ушул жылдын 10-майында башталган. Биринчи утуш оюну 1-июлда, экинчиси 1-октябрда өткөн болчу.
Чек кармап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2022
"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын байге фонду көбөйтүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0