UWW Жоламан Шаршенбековду жылдын балбаны деп тандады

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков. Архив
Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2022
Жазылуу
Буга чейин Бириккен күрөш дүйнөсү Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудовду 2022-жылдын тарыхын жаратуучулардын катарына кошкон.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW — грек-рим, эркин жана аялдар күрөшүнүн эл аралык федерациясы) кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбековду грек-рим күрөшү боюнча жылдын мыкты балбаны деп тандады. Бул тууралуу федерациянын сайтында маалымдалды.
Шаршенбеков өтүп бара жаткан жылда дүйнөнүн, Азиянын жана Ислам оюндарынын чемпиону болгон. Ар бир беттешиндеги ийгиликтери аны 60 килограммга чейинкилер категориясында UWW федерациясынын рейтингин камсыздоого өбөлгө болду.

"Шаршенбеков Кыргызстандагы эркектер арасында дүйнөнүн биринчи чемпиону боло алмак. Бирок анын мекендеши Акжол Махмудов 77 килограмм салмак арасында андан 48 саат мурун алтын курду жеңип алган эле. Ага карабастан Шаршенбеков өзүн Париждеги Олимпиаданын олуттуу талапкери катары таанытты", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бириккен күрөш дүйнөсү Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудовду 2022-жылдын тарыхын жаратуучулардын катарына кошкон.
Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2022
Акжол Махмудов "Азиянын эң мыкты балбаны" деп табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0