Роналду Сауд Арабиянын "Аль-Наср" клубуна өттү. Жылдык кирешеси 200 млн. евро

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПортугалиянын курама командасынын футболчусу Криштиану Роналду. Архив
Португалиянын курама командасынын футболчусу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2022
Жазылуу
ЖМКлардын маалыматы боюнча, Роналду аталган клубда жарнамалык келишимдерди кошкондо жылына 200 миллион евро табат.
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Португалиянын курама командасынын футболчусу Криштиану Роналду Сауд Арабиянын "Аль-Наср" клубуна өттү. Бул тууралуу АФП басылмасына таянуу менен Р-Спорт жазды.
Анда маалымдалгандай, Роналду 2,5 жылдык келишимге кол койгон. Эми ал аталган командада жетинчи номерде ойнойт.
"Тарых жаралат. Бул келишим биздин командага мындан да көп ийгиликтерге жетүүгө дем берет, деги эле жалпы лиганы, улутту, келечек муунду өздөрүн азыркыдан да мыкты көрсөтүүгө шыктандырат. Криштиану, өз үйүңө кош келдиң", — деп жазылган клубдун маалыматында.
37 жаштагы спортчу башка клубга өткөндүгү боюнча комментарий берип, башка өлкөдө жаңы футболдук лига ачууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирген.
"Аль-Наср" клубунун иш алып баруудагы көз карашы мага абдан шык берүүдө, команда боюнча өнөктөштөрүмө кошулганыма кубанычтамын. Биз биргеликте клуб мындан ары да ири жетишкендиктерди багындыруусуна жардам беребиз", — деген ал.
Буга чейин испаниялык Marca басылмасы Роналдунун "Аль-Наср" менен келишим түзөрүн жазып, футболчу жарнамалык келишимдерди кошкондо жылына 200 миллион евро каражат аларын белгилеген.
Криштиану Роналду "Алтын топтун" беш жолку ээси. Өзүнүн карьерасында португалиялык "Спортинг", "Манчестер Юнайтед", Испаниянын "Реал Мадрид" жана Италиянын "Ювентус" клубдарында ойногон. Ал чемпиондор лигасынын беш жолку жеңүүчүсү. Португалиянын курама командасында ойноп, 2016-жылы Европа чемпионатын жана 2018-2019-жылы Улут лигасын жеңип алган.
Португалиялык футболчу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Роналду командасына кыйкырып, ыйлап жиберди. Архивдик видео
Жаңылыктар түрмөгү
0